Окуялар
Коронавирус. Жуктургандардын жаш курагы жана кайсы аймакта көп(статистика)

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 298ге жетти. Бейтаптардын көбү Ош, Жалал-Абад облустарында. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.
Кыргызстанда коронавирус аныкталгандардын ичинен 154 аял, 144 эркек. Вирусту 15 жашка чыга элек 34 бала жуктуруп алса, анын ичинен эки наристе бир жашка чыга элек.
Өлкө боюнча коронавирус жуктургандарды саны:
- Ош облусунда — 98;
- Жалал-Абад облусунда — 89;
- Бишкек шаарында — 42;
- Ош шаарында —36;
- Чүй облусунда — 15;
- Нарын облусунда — 10;
- Баткен облусунда — 4;
- Ысык-Көл облусунда — 4.
Коронавируска кабылгандардын жаш курагы төмөндөгүдөй:
- 15 жашка чейин — 34 адам, анын арасында бир жашка чыга элек эки наристе бар;
- 16 жаштан 19 жашка чейин — 11;
- 20 жаштан 35 жашка чейин — 75;
- 36тен 55 жашка чейин — 106 адам;
- 56 жаштан жогорку — 72 адам.
Азыркы тапта стационарда 254 адам жатат.
Бейтаптардын арасында 39 медицина кызматкери коронавирус менен алпурушууда. Кыргызстанда беш адам каза болду.
Abal.kg