Коменданттык саатты бузуп, коронавирус жугат деп үйүнө баргандан чочулаган чет элдик жаран кармалды (фото)

Учурда Кыргызстандагы айрым аймактарга киргизилген коменданттык саатта көчөдө күнү-түнү, ысык-суукта, жамгыр-карда иштеп жаткан милициянын кызматерлерине ыраазы болушубуз керек.
10-апрелден 11-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин подьезддинде бейтааныш жигитти байкап калган жашоочулардын бири милиция чакырган. Түнкү саат он экиден өтүп, айлана тыптынч болуп турганда бейтааныш жигиттин подьездге кире албай жатканы жашоочуларды тынчтсыздандырган. Ал жигитти адегенде жашоочулар кепке тартып, “түн ортосунда эмне кылып жүрөсүң?” деген суроосуна ал чет элдик жаран экенин айткан.
Бишкектеги медициналык академиянын акыркы курсунда окуурун, аны тоноп кеткендиктен көчөдө калганын, эч жакка баралбай сыртта суук, үшүгөнүн, телефону, документи жок, эмне кылаарын билбей атканын айткан. Ал жигит кыргызча да, орусча да билбегендиктен жашоочулардын өспүрүм кызы которуп берген.
Жашоочулар милицияны чакырганда дароо эле келишти. Октябрь РИИБнин милиция кызматкерлери Айчүрөк Набиева, Улукбек Исламов келип, иштин чоо жайын сураштырды.
Милиция кызматкери Айчүрөк Набиева англисче жакшы түшүнөт экен, ал жигиттин сөздөрүн которуп берди.
Көрсө бул жигит жатаканада эмес, Көк-Жар кичирайонунда квартирада ижарада 15 киши менен жашайт экен. Ал жакка барып жаткандан чочулап атканын айтты. Анткени 15 киши менен чогуу жашаса коронавирус жуктуруп албайм деген кепилдик барбы дейт. Андан тышкары бул чет элдик жаран Кант шаарынан мындан үч күн мурун тоноп кеткенин айтты. Чындап эле тоноп кетиштиби, же үйүнө баргандан чочулап жатабы азырынча белгисиз. Бирок чакырыкка келген милиция кызматкерлери:
“Бишкекте коменданттык саатты бузган ушундай чет элдик жарандар да бар. Мыйзам баарына бирдей, саат сегизден кийин эч ким көчөгө чыкпашы керек. Бул жаран да мыйзам алдында жооп бериши керек” дешти.
Үйүнөн качып, көчөлөп жүргөн чет элдик жаранды тартип сакчылары алып кетишти.
Кыргызстанда медициналык академияда акыркы курста окуса, ушунча жылдан бери кыргызча же орусча бир да сөз билбеген бул пакистандык жарандын айтканы чынбы же жалганбы аны иликтөө тартип сакчыларынын андан аркы иши.
Бирок, мыйзам баарыбызга бирдей, тартипти сактап, вирусту жайылтпаганга бөгөт коюшубуз керек.
Он беш киши менен бир батирде жашабайм деп көчөлөп, улам бир шылтоону айтып, ар кимдин эшигин такылдатуу да азыркы таптагы карантиндин убагында элди чочулатпай койбойт эмеспи.
Ал эми түн ортосунда милициянын дароо келгенине көп кабаттуу үйдүн жашоочулары ыраазычылык билдиришти.




Abal.kg



