Коом
“Каганат инвест” холдинги жардам катары 2 миллион сом которду

Кыргызстанда коронавирус катталып, өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал киргизилгенден тарта бир топ жеке ишкерлер атайын ачылган Республикалык штабдын эсебине каражаттарды бөлүп, айрымдары тамак-аш, азык-түлүк менен калктын аярлуу катмарына жардам берип келе жатат.
Жакында эле “Каганат инвест” холдинингинин негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Республикалык ыкчам штабына 2 миллион сом которгондугу тууралуу аталган холдингдин маалымат кызматы билдирди.
Анын 1100 000 сому республикалык штабга которулса, 900 миң сому Бишке жана Ош шаарынын мэриясынын эсебине которулду.
Abal.kg