30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек жана Ысык-Көлдө жол кыймылына чектөө киргизилет

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралардын өтүшүнө байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкекте унаа кыймылына чектөөлөр төмөнкү тилкелерде киргизилет:
«Манас» эл аралык аэропортунан Васильевский тракты, Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилери, Абдрахманов, Байтик Баатыр көчөлөрү, Масалиев проспектиси, Жайыл Баатыр жана Барпы Алыкулов көчөлөрү.
Чүй облусунда да иш-чаралар өтүп жаткан учурда айрым унаа жолдорунда кыймыл убактылуу чектелет.
Ысык-Көл облусунда чектөөлөр айрым жол тилкелерине, анын ичинде «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо, ипподромдун аймагында жана Кырчын капчыгайына алып баруучу жолдо киргизилет.
Белгилей кетсек, бул күндөрү Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт.
ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылып, жүрүү маршруттарын алдын ала пландаштырууга чакырды.



