Коом

Коменданттык сааттын убактысы эки саатка кыскарды

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 15-апрелде парламентте депутат Төрөбай Зулпукаровдун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, 14-апрелдеги комендатура буйругуна ылайык, коменданттык саат 21:00 – 6:00 чейин созулат. Орозалиев бул күндүн узаруусуна жана талаа иштерине жолтоо болбосу үчүн көрүлгөн чара экенин билдирди.

Өзгөчө абал учурунда коменданттык сааттын убактысын эки саатка кыскартуу тууралуу буйрукту 14-апрелде Жалал-Абад комендатурасынын башчысы Жеңиш Жоробеков менен Ош комендатурасынын башчысы Малик Нурдинов да чыгарган.

15-апрелде парламент Кыргызстандын Бищкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондоруна 25-мартта киргизилген өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, Нарын шаарына жана Ат-Башы райондоруна да өзгөчө абал киргизүү тууралуу президенттин 14-апрелде кол койгон жарлыгын бекитүү маселесин карап жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button