Саясат

Ыкчам штаб: Коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча ишин күчтөндүрүү зарыл

Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча ишти күчтөндүрүүсү зарыл. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Жергиликтүү бийлик органдары оорулуулар менен байланышта болгон жактарды аныктоо жана аларды тестирлөө боюнча ишти улантуусу зарыл. Бардык багыттар: азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, жазгы-талаа иштерин жүргүзүү, аз камсыздалган жарандарга даректүү көмөк көрсөтүү жана башка маанилүү маселелер боюнча күчтөндүрүлгөн ишти улантуу керек. Тийиштүү органдар коменданттык сааттын режимин сактоо, жарандардын негизсиз кыймылын чектөө боюнча ишти активдештирүүсү тийиш», — деди Кубатбек Боронов.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алуу маселесине өзгөчө көңүл буруу тийиштиги белгиленди. Бул жаатта тийиштүү органдарга керектүү кадрдык жана лабораториялык ресурстар менен камсыздоо, коомдук жайларды санитардык тазалоодон өткөрүү, жарандардын жана транспорттун кыймылын чектөө тапшырылды.

Мындан тышкары, үй карантиндин сакталышын көзөмөлгө алууну күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Ыкчам штаб кыргызстандыктарды социалдык обочолонууга жана өз үйлөрүндө болууга чакырды.

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button