Бишкекте таксисттер иштей башташы керек. Депутаттын сунушу
Депутат Дастан Бекешов Бишкек шаарында өзгөчө абал учурунда таксисттерди иштөөгө уруксаат берүү керектигин сунуштады.
Бекешовдун айтымында ага таксисттер ар кандай азык-түлүктөрдү, курулуш материалдарын жеткирүү үчүн иштеп туруусун суранышууда.
“Айрым таксисттер иштеп жатышат, азыркы абалдын чектөөлөрүнө карабай. Анткени алар акча табууга муктаж болуп турушат. Балким, алардын чектөөлөрүн алабыз? Жок дегенде таксисттер ушинтип каражат табышсын. Кытайдын Ухань шаарындай таксист бир эле адамдан ашпаган гана кардарларды тейлесин. Албетте, алар сөзсүз беткап жана санитайзерлерди колдонушу керек!- деди эл өкүлү.
Ал эми Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев борбордо буга өтө деле муктаждык жок экенин белгиледи. Ошентсе да, комендатура бул суроону карап көрө турганын жана эгер таксистер санитардык норманы сактап, бир күндө 2-3 жолу унаанын салондорун дезинфекциялап турушу керектигин айтты.
Abal.kg