Коом

Өзбекстан орбитага космонавт жана жасалма спутник жөнөтүүнү пландоодо

Өзбекстан орбитага биринчи космонавтын жана жасалма спутнигин жөнөтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу республиканын президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн технологиялык жана улуттук өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

«Эгемендүү Өзбекстандын тарыхында биринчи жолу космоско жасалма спутникти жана өз өлкөбүздүн жараны болгон биринчи өзбек космонавтын учуруу боюнча иштерди баштадык», — деди Мирзиёев Өзбекстандын парламенти менен элине жыл сайын жасалчу кайрылуусунда.

Өзбекстандын биринчи спутнигин учуруу пландары тууралуу июнь айында «Казинформ» жазган. Агенттиктин булактарынын айтымында, республика 2028-жылга чейин өзүнүн илимий-техникалык спутнигин учурууну көздөгөн. Өзбек тарап SpaceX компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. «Өзбеккосмос» агенттигинин директорунун орун басары Мухиддин Ибрагимов билдиргендей, өлкө спутникти Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө болгон өлкөлөр менен биргеликте учурат.

Тектеш кабарлар

Back to top button