Зайырбек Ажыматовду акыркы сапарга узатуу зыяраты кайда болоору айтылды

Акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов 1-майда «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Зайырбек менен коштошуу 1-майда, саат 9:30да башталат. Андан соң «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет.
Эске салсак, Зайырбек Ажыматов кечээ, 29-апрелде, мезгилсиз дүйнө салган эле.
Артында эки уул, эки кызы калды.
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
«Жалгыздык», «Мелмил», «Нөлү көп жылдар», «Жүрөктөгү бороон» ыр жыйнактарынын автору.
Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы «Асаба» гезитинен баштаган. Андан кийин «Кыргыз Туусу», «Бишкек таймс», “Агым” гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта «Азаттык» радиосунда иштеп жаткан.
Abal.kg