Коом

Ош шаарында бүгүндөн баштап айрым тармактар ишке кирди(тизме)

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 1-майдан тарта калаада иштей баштаган мекеме-жайлардын тизмесин атады.

Анын айтымында, бүгүнтөн тарта жети тармак ишмердүүлүгүн жандантат. Алар:

  • Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү;
  • Курулуш тармагы;
  • Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө кызматын көрсөткөндөр;
  • Мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүүлөрү;
  • Соода чөйрөсү;
  • Чач тарач жана салондор;
  • Уруксаты, патенти бар таксисттер.

Сарыбашов жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам беришерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 111 адам коронавирус жуктуруп алса, анын 72си айыккан. Ооруканада азыркы тапта 37 бейтап жатат. Вирустан эки киши көз жумган.

Мэрдин айтымында, шаарда эпидемиологиялык абал туруктуу.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button