Окуялар

Сүйүүнүн күчү керемет. Өлгөн келинчегин Усуп кантип тирилтип алды

Мындай окуялар, төгөрөктүн төрт бурчунда өтө сейрек кездешет. Маселен, Англиянын атактуу фантасты Герберт Уэльстин апасы, жаш кезинде, жазуучуну төрөгөнгө чейин, кадимкидей  өлүп калып, кийин мүрзөсүнүн ичинен тирилип, кароолчу аман алып калганын калемгерлер чөйрөсү эле эмес, окумал адамдардын көбү билет. Билгенин себеби да ошол — бул өтө сейрек окуялардын катарына кирет.  Азыркы биз сөз кыла турган окуя да, ошондой чанда бир болчу көрүнүш. Ал ушул таптагы Нарын районунун территориясында, мурдагы Тянь-Шань жергесинде болуп өткөн.

Азыркы Миң-Булак айыл аймагында, совет мезгилинде  Куйбышев атындагы колхоз жайгашкан. Ал колхозду уюштургандардын бири жана тун башкармасы “күркүрөк Усуп”, “көк бет Усуп” деген атка конгон Таанаев Усуп. Ал 24-25 жашка келгиче Эки-Нарындагы таекелериндикинде жүрүп, таятасынын короосун кармап, эгинин айдап, данын бастырып, малын багышып, жээн эмес өз баласындай кызмат өтөгөн. Совет бийлиги тоолуу аймакты кучагына ала баштаган мезгилде, Усуптун таятасы Акылбек жээнин “эми элиңе бар балам” дейт. Ошончо кылган кызматы үчүн улуу кызын жээни Усупка бермекчи болуп, ала кет дейт. Ошондо Усуп “Таята, мага кичүү таежем Сейилманды бериңиз” дептир. Сейилман ошондо тогуздан онго караган кези экен. Таятасы убадасы боюнча жээнине кичүү кызын кошуп берет.

Усуп киндик кан тамган жерине келип, Совет бийлигин орнотууга активдүү киришет. Сейилман болсо, эч нерседен бейкапар болуп, жээндеринин колунда балалыгын өткөрүп, 15 жашка чыгат. Усуп ошондо отузга келип калган учуру экен. Ушундан соң гана экөөнүн ортосунда нике кыйылып, таежеси менен жээни жаш аялмет үй-бүлөө болуп, түтүн булатып калышат.

Усуп жаш кезинен эле өтө идиректүү экен. Айылда совет бийлиги берген тапшырмаларды өтө көктүк, өжөрлүк менен аткаргандыктан, аны айылдаштары  “көк бет Усуп” деп аташчу экен. Үнү да жоон (бас)  болгондуктан “күркүрөк Усуп” деп да коюшчу тура. Усуп бир тууган, уялаш агасы Баймоңол экөө бала кезинен арабча окушуп, кат-сабаттары жоюлгандыктан, билимге да умтулуп, боз улан кезинен эле табыпчылыкты да өздөштүрүп алыптыр.

Жоомарт Кадралиев. «Эсимде».

Эки жаш өтө ысык жашап аткан күндөрдүн биринде Усуптун үйүндө капысынан трагедия болот. Эртең менен Усуп, жаш, сүйүктүү келинчегинин колунан ысык чайын ичип алып, Совет бийлигинин тапшырмасын аткарганы, адатынча чапкылап кетет.

Кечке маал, Сейилманын сагынып, атын кара терге түшүрүп, үйүн көздөй чапкылап келип  калат. Ошондо алыстан эле сыртта боз үй тигилип, аялдар үн чыгарып ыйлашып, эркектер өкүрүп турганын көрөт. Эмне болуп кеткенин түшүнбөгөн Усуп, атынын ооздугун боз үйдүн жанына келгенде гана жыйып, ээрден ыргып түшөт. Чурулдаган эл ага кайрат айтып “Сейилмандан айрылып калдык”, дешет. “Эмнеге өлмөк эле?!. Эртең менен эле куландан соо турса, кантип өлүп калсын?!.  Өлбөйт!..” деп, ачуусу менен тигилерге бир тийет. Урук-туугандары безилдешип, соо туруп эле, аңызга барып жыгылып калган жеринен көрүшкөнүн айтышат. (Кийин, Сейилмандын айтуусуна караганда, аңыздагы чөптүн ичинде аллергия кыла турган жакпаганы бар окшойт. Кыязы ошондон анафилактикалык шок болсо керек). Усуп, эч нерсеге карабай, эч кимге бой бербей, аттап-буттап боз үйгө кирип барып, көшөгөнү шыпырып алып, Сейилманды оройт да, кандай келсе дал ошондой сыртка атып чыгат. “Баягы көк бет Усуптун көк беттиги кармады, жөн жаткан аялын жайына койбой”, дешип,  ага-тууган, кошуна-колоңдору анын жоругуна нааразы болушуп,  тигинин өзүн жаман көрүшүп, “эр болсо аялын тирилтип  алсын” дешип, тарап кетип калышат.       

Ошондо Усуп мандаш окунуп олтуруп, сүйүктүү келинчегин туурасын алдына алып, Сейилмандын жүрөгүн тынымсыз ушалап, оозуна оозун тактап токтобой үйлөгүлөп, кеч бешимден жылдыз толгонгон чейин ажал менен алышат.

Жылдыз толгондо гана Сейилман көзүн ачып, оор үшкүрүп эсине келет.

Ошондо да ага-тууган, айылдаштары аялын жөн өлтүрбөй, жанын кыйнап тирилтип алды деп, Усупту көпкө чейин жаман көрүп жүрүшкөн экен.

Он алтыга чыкпай, көз жуумп кете жаздаган Сейилман андан кийин жетимишке чыга жашады.

Бул бир чети сүйүүнүн күчү, бир чети билимдин, сабаттуулуктун, Усуптун табыпчылыгынын (дарыгерлигинин)  күчү болсо керек.

Ысмайыл Усупов  

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button