Коом

Автоунаалардын тыгыны эмнеден пайда болууда. Комендатуранын түшүндүрмөсү

Бишкекке кирип келе жаткандардын дене табын медиктер, ал эми милиционерлер ким экендигин тастыктаган документтерин текшергендиктен, узун кезек менен автотыгын жаралууда. Бул туурасында Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Бишкек шаарынын комендатурасы өзгөчө абал учурунда тийиштүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар биринчи кезекте жарандардын ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылууга багытталгандыгын эске салат. Ишкердиктин айрым түрлөрүнүн иши жандандырылгандыгына байланыштуу, борборго кире турган негизги жолдордогу тосмолордо автоунаалардын тыгыны жана кезек күтүүлөрү жаралып жатат», — деп билдирди.

Түзүлгөн ыңгайсыздыктан улам комендатура бардык жарандардан түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнгөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button