Коом
Тажикстанда коронавирус жуктургандар көбөйүүдө. Чек араларда көзөмөл күчөтүлдү

Тажикстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны көбөйө баштагандыктан кыргыз-тажик чек арасында да көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште вице-премьер министр Акрам Мадумаров билдирди.
“Мен баардык чек ара менен чектеш айылдарды кыдырдым, ал жакта аскер кызматкерлери көбөйүптүр. Биз да көзөмөлдү күчөтүп жатабыз, Тажикстан да күчөтүп жатат, көзөмөлдү. Эгер дагы муктаждык болсо күчөтөбүз”,- деп айтты ал.
Мадумаровдун айтымында Тажикстандан келгендердин бардыгы обсервацияга жаткырылып жатат. Жакында эле Тажикстандан 27 студент келди, алардын бардыгы көзөмөлгө алынып, обсервацияга жаткырылганын айтты.
Эскерте кетсек, 30-апрелде Тажикстанрда коронавирус жуктургандар аныкталган эле.
Adal.kg



