Көл жээгинде жоголгон 3 жашар кызды милиция кызматкерлери таап, ата-энесине өткөрүп беришти

Бүгүн, 15-июль күнү Бостери айылында жайгашкан «Золотые пески» пансионатынын көл жээгинде жергиликтүү тургундарынын үй-бүлөөсү эс алып жатышып, 3 жашар кызы кайсыл тарапка кетип калганын байкабай калышкан. Өздөрү кызын табууга жумшаган аракеттеринин жыйынтыгы чыкпай, тегеректе эс алып жатышкан эс алуучулар дагы жагдайга көӊүл бурбай калгандыктан, кызды издөөгө мүмкүнчүлүк болбой калган.
Айласы кеткен ата-энелер, пансионатта коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышкан милиция кызматкерлерине кайрылышкан. Окуянын жагдайын кылдаттык менен сурашып, жоголгон кыздын белгилерин алышкандан кийин, издөө иштерин жүргүзө башташкан.
Үч саатка жакын издөөдөн кийин, 3 жашар кызды ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Ысык-Көл облусу боюнча атайын операциялар отрядынын жоокерлери жоголгон кыздын үй-бүлөсү эс алып жаткан пансионаттан 500 метр алыстыктан табышып, ата-энесине тапшырып беришти.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы



