Кыргыз-тажик чек арасында ок жеген 3 жоокерге операция жасалды

Кечээ, 8-майда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуудан улам жаракат алган 3 жоокер жана 1 жөнөкөй жаран Баткен облустук бириктирилген ооруканасына келип түшкөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, аларга алгачкы медико-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандыраарлык абалда амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө ооруканада дарыланып жаткандар:
- Жабырлануучу С.у.М., 1994-жылы туулган. Диагнозу: кыр арканын көкүрөк тушуна ок атуудан алган жаракаты, курсак жана жамбаш сөөгүнүн ок атуудан алган жаракаты. Операция жасалды, абалы өтө оор деп бааланууда.
- А.у.М., 1995-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөк туштун ок тийгенден алган жаракаты. Операция жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.
- Т.у.Ч.,1996-жылы туулган. Диагнозу: көкүрөк тушун ок тешип өткөн. Жараатты баштапкы хирургиялык жол менен тазалоо жасалды, абалы орточо оор, туруктуу.
Бардык жабырлануучулар медициналык көзөмөл астында, дары каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар, кандын компоненттери жетиштүү көлөмдө бар.
Ош облустар аралык бириктирилген ооруканасынан нейрохирург, торакалдык хирург жана реаниматологдон турган дарыгерлердин тобу Баткен облустук бириктирилген ооруканасына келишти.
Abal.kg