Коом
11-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорттор кандай иштейт. Министрликтин жообу

11-майдан тарта Бишкекте коомдук транспорт, башкача айтканда, автобус, троллейбустар иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
«Автобустар менен троллейбустар санитардык коопсуздук эрежелерин сактап иштешет. Айдоочулар дагы көзөмөлдө болушат. Коомдук транспортторго көп эл салууга болбойт, саналуу гана адамды ташууга уруксат берилет. Коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүшү мүмкүн деген кооптонууга Саламаттык сактоо министрлиги даяр. Ооруканаларда кошумча койкалар бөлүнүп, медиктер да даярдалды», — деди Үсөнбаев.
Abal.kg