Коом
Бишкекте беткап тагынбагандар миң сомдон жогору айып төлөшөт

Бул туурасында, 11-майда бринфинг учурунда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди. Пандемия шартында шаардыктардын саламаттыгына кам көрүү үчүн, беткап тагынуу жана 2 метр социалдык аралыкты сактоо ар бир жаран үчүн сөзсүз сактала турган шарт экенин айтты мэр.
Ошондой эле, ишке киргизүүгө уруксаат берилген тармактарда карантиндин эрежелерин сактабаган субъекттерге өтө чоң өлчөмдөгү айыппулдар каралган.
Мындан сырткаары калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам берүү мындан ары да уланаарын билдирди.