Окуялар
Чоң-Алай районунда мечиттен өрт чыкты

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Жекенди айылында жайгашкан мечиттен өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.
«Өрт саат 10:13тө чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.



