Коом
Баткенде алдамчылыкка шектелген 25 жаштагы жигит Бишкектен кармалды

Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай , былтыр майда Баткен шаарынын 35 жаштагы тургуну бир адамга Opel Astra унаасын 140 миң сомго саткан. Унааны алган киши “3 ай ичинде акчаңды берем” деп ошону менен изин жашырып кеткен.
Бул факт боюнча “алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы М.Б. аттуу тургуну Бишкектен кармалып, Баткенге алынып келген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери уланууда.



