Жети жашар бала шейхке кат жазып карантиндеги апасын Британиядан алдырды (видео)
Мамлекет башчысы тестиерге жеке өзү жооп жазып, баланын тилегин ишке ашырды.
7 жашар Арчи Фитцджон ата-энеси менен көп жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашайт. 2020-жылдын март айында анын апасы Джессика өз атасынын сөөгүн коюга Улуу Британияга учуп кетет. Бирок, коронавирустун айынан чек арлар жабылып, Джессика үй-бүлөсүнө кайтып келе албай калат.
Апасын эки ай көрбөгөн Арчи катуу куса болуп, чек араны жапкан адамдын өзүнөн суранууну чечет. Бала Фитцджондордун үй-бүлөсү жашаган Рас-эль-Хайма эмиратынын шейхи Сауд ибн Сакру аль-Касиминин өзүнө кат менен кайрылат.
Катында Арчи шейхтен апасын үйгө келүүгө уруксаат беришин өтүнөт, «52 түн» аны көрө электигин айтат. Тестиер катында самолетту жана апасы менен жолугуп аткан кубанычтуу учурдун сүрөтүн тартып коет. Баланын мындай кайрылуусу шехтин жүрөгүн жылыткан.
Бир нече күндөн кийин Арчиге мамлекет башчысынын жеке өзүнөн расмий кат алып келишет. Катта шейх Арчинин тайманбастыгын белгилеп, анын тилегин ишке ашырууну убада кылган. Аз гана убакыт өткөндөн кийин Джессика үйүнө кайтып келүүгө мүмкүнчүлүк алып, Фитцджондордун үй-бүлөсүн жергиликтүү элге атагы чыкты.
Эми аял үй карантининде 14 күн олтурат, бирок бул факт эч кимди нааразы кылбайт, анткени Арчи апасынын жанында, деп жазган Emirates News Agency маалымат агенттиги.
Abal.kg