Коом
Бишкекте коомдук транспорт жана базарлар качан ишке кирет. Министрдин жообу

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 25-майдан тарта иштей баштачу ишкана, мекемелерди брифинг учурунда тизмектеди.
Анын айтымында, 25-майда өлкөдөгү ири базарлар, анын ичинде «Дордой», «Орто-Сай», «Ош» «Кара-Суу» базарлары иштей баштайт. Мындан сырткары, 50 орундан ашпаган коомдук тамактануу жайлары, театр, музей, китепкана сыяктуу маданий агартуу жайларынын иши да бул күндөрү жанданат.
Ал эми шаар ичиндеги коомдук транспорт да 25-майдан тарта эл ташый баштайт.
Abal.kg