Коом
Бир айда Кыргызстанга чет мамлекеттерден 3531 жаран алып келинди

Бир айда чет мамлекеттерден 3 миң 531 жаран алынып келинген. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда жарандарды башка өлкөлөрдөн алып келүү иштери улантылып жатат.
“17-апрелден 18-майга чейин, башкача айтканда акыркы 1 айдын ичинде 17 аба каттам жана 6 автобус менен 3 миң 531 жаран алынып келинди. Акыркы 1 айда келгендердин арасынан 124 адамдан коронавирус аныкталды”, – дейт ал.
Эскерте кетсек, 20-майда да Россиянын Оренбург шаарында калган мигранттар алып келинет.
Abal.kg



