Коом
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму пандемиянын экинчи толкуну башталаарын эскертишти

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясынан жаралган коркунуч дагы деле бар, жакында COVID-19дун экинчи толкуну болушу мүмкүн деп билдирди. Бул тууралуу Россиядагы өкүлү Мелита Вуйнович «Россия 24» телеканалынын эфиринде айтты.
«Карантиндик чектөөлөрдүн азайышы вирус мизин кайтарды дегенди түшүндүрбөйт. Эл коркунуч дагы деле бар экенин түшүнүшү керек. Биринчи толкун болгон жерлерде экинчиси дагы болушу мүмкүн экенин эскертип жатабыз», — деди Вуйнович.
Abal.kg