Саясат
Бек Борбиев: Исхак Масалиев ата кадырына жарашпаган арзан пияр жасады

Белгилүү обончу жана аткаруучу, КР эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев коомдогу болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, өз пикирин жазып турат. Ал бүгүн ЖК депутаты Исхак Масалиевдин мандатын тапшырганы тууралуу жеке пикирин Фейсбук баракчасына жазды:
“Мандатты, ТЭЦ, Дача-Су, Азиз Батукаев, Турцияга бир самолёт алтынды АША чыгарып баратканда жана башка талкууланып жатканда, мандатын тапшырса «эсеп» болмок. Эки айдан кийин мөөнөтү бүтөөр кезде минткени бул – популизм!
Мен дагы Апсамат Масалиевди туу тутам, бирок… Атанын кадырына жарашпаган арзан пияр”,- деп жазды.

Abal.kg