Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадырга КСДП партиясынын мүчөлөрү нааразы экенин билдиришти

КСДП партиясынын саясый кеңеши мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары Сеид менен Кадырга нааразы экенин билдиришти. Бул тууралуу саясый уюмдун мүчөсү Адиль Турдукулов 24.kg маалымат агенттигине пикир келишпестигинин себебин билдирди.
Анын айтымында, Сеид менен Кадыр Атамбаевдер партиянын негизги жобосун бузуп, саясый кеңеши менен макулдашпай, калпыс билдирүүлөрдү жасап жатат.
“Булар партиянын саясый кеңешинин мүчөсү эмес, ошондуктан эч кандай чечимдерди кабыл алып, принципиалдуу билдирүүлөрдү жасай алышпайт. Биз ММКлардан жана социалдык тармактардан гана партиянын мүчөлөрүнүн катарында эмне болуп жатканын билип атабыз. Бул туура эмес. Бир туугандар келечектеги шайлоого барышаарын, партиянын уставына өзгөртүү киргизгенин айтып атышат. Бирок, мындай нерселердин бирөөнү да партиянын жыйынында же саясый кеңеште талкуулаган эмеспиз”, — деп айтты Адиль Турдукулов.
“Кадыр менен Сеид ар кандай иш чараларды өткөрүп, эл менен КСДПнын атынан жолугуп атышат. Булардын иш-аракеттери саясый кеңеш менен макулдашылган эмес” деп кошумчалады Турдукулов.
Эскерте кетсек, мурунку президент Алмазбек Атамбаев азыркы тапта УКМКнын СИЗОсунда өзгөчө оор кылмышка шектелип камакта отурат. Ал эми КСДПны азыркы учурда ЖК депутаты Асель Кодуранова жетектеп турат.
Abal.kg



