Саясат
Коронавирустан Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев көз жумду

Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев жетимиш жашында Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан каза болгону тууралуу жакындары кабарлады.
Республикалык штабдан экс-спикердин коронавирус жуктуруп алганы, анын эки өпкөсү жабыркаганы тууралуу маалымат берген эле.
М.Чолпонбаевдин жүрөгү, кан тамырлары, бөйрөгү да ооруганы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, ал 5-май күнү ден соолугуна байланыштуу реанимация бөлүмүнө которулган. Дарыгерлер тарабынан жасалган баардык аракеттерге карабай бүгүн саат 12.10до каза болду деп айтылат Республикалык штабдын маалыматында.
Мукар Чолпонбаевдин жакындарына кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Abal.kg