КСДП Сыргак Абдылдаевдин оозу менен Момбековду катуу сындады

Алыста жатып алып, Сыргак Абдылдаев Н.Карамушкинанын «Тилекке каршы, партиялашыбыз Р. Момобеков Атамбаевдин балдары тууралуу «алар саясатта нөл» деп айтты, жана көпчүлүккө ачыктап саясий кеңештен кетти, бирок бул анын журум-туруму!» деген сөздөрүн окуп калгандыгын Фейсбук баракчасына жазыптыр.
«Бул Момбеков тараптан начар жана этикага жатпаган жорук. Эми бул саясий этикетти Кудай карап турат. Мындай арзан пикирин анын өзүнүн уятына коелу,-дейт Сыргак Абдылдаев.
Андан ары минтет: “Бирок менде дароо мындай суроо пайда болду, азыркы учурда Момбековдун өзү ким? Кыргыздын улуу саясатчысыбы? Өзү эмне, кыргыз саясатында чоң көзүр-тузбу? Балким ал төрөлгөндө эле чыгаан саясатчы болуп төрөлгөн? Деги Момбеков саясатта качантан бери?
Менин билишимче, 2016-жылга чейин ал тууралуу чала-була кулагым чалып калганы эле болбосо, мен үчүн, ал тургай көпчүлүк үчүн ал басымдуу депутаттар сыяктуу эле парламенттик боз чычкан катары. Алардын акыркы 5 жыл ичинде өздөрүн пиарлаган көп акциялардан башка кыйратып жиберген деле ишин көргөн жокмун. Болгону ушул.
Ал эми Атамбаевдин балдары тууралуу айтсам, мен саясатка жаштардын келишинен башка жаман нерсе көрбөдүм. Ал тургай аларга адам катары боорум ооруп, аяп турам. Алар саясатка каалап деле келбеген чыгар, аларды турмуш өзү атасынын камалышы саясатка түрттү десе болот. Саясатка келүү жана саясаттагы атак жана таасир үчүн күрөш – бул Атамбаевдин балдарынын атасын бошотуу үчүн болгон жалгыз жол”,- деп жазды.
Ошентип Абдылдаевдин пикиринде Атамбаевдин балдарынын саясатка келиши Кыргызстандын саясий чөйрөсүнө жаңыланууларды алып келет экен. Ал эми Атамбаевдин балдарынын нөл экендиги тууралуу Момбековдун сөзүнө карата Сыргак мырза мындайча кайрылат: “Рыскелди, мындай учурда, аймактык масштабдагы бардык шведдик саясатта шыпыргыга дагы жарабайсың. Ал эми Атамбаевдин балдары тууралуу айтсам, алар жаш, жана алардын келечеги алдыда. Рыскелди, өзүң үчүн жеке өзүмдүн шведдик мисалымды келтирейин” деп, Ханссондун династиясы тууралуу узун сабак айтып берип, анан Момбековдун кылыгын төмөнкү саясий маданиятка теңеп, минтип жазат:
“Рыскелди, жөнөкөй нерсени түшүнүп ал. Балдар азыр саясатта жетишерлик тажрыйбага ээ эмес. Мамлекеттик башкаруу жана башкаларда билими жетишпейт. А эртеңчи? Бир күнү убакыт келет жана сен көптөр үчүн кечээки күндүн маскарапозу болосуң. Сени көптөр шылдың менен эскеришет. Акылдуу ата-энелердин балдары бат эле чыгаан поофессионал болуп чыга келишет”,-деп жазды.
Мындай акылдарынын аркасында Сыргак Абдылдаев Рыскелди Момбековго саясий тажрыйбасы бар, жок экендиги тууралуу жана мамлекеттик кызматкер катары чоң тажрыйбасы бар, жогу тууралуу суроо узатып, өзүнө салыштырмалуу Момбековду бул маселелерде нөл экенин белгилептир.
Абдылдаев дагы аябагандай тил агызганды жакшы көрөт сыяктуу. Момбековду жакшы таланттуу артистке теңеп, ал үчүн парламент чоң сцена катары экенин, деңгээли тайкылыгын белгилеп, парламент саясатчы үчүн башка экенин, ага депутаттын тиши өтпөй турганын айтып, анын болгону ЖК депутаты деген чоң жазуу экендигин белгилептир.
Ушундай кийин депутат Рыскелди Момбековдун унчукпай калышы мүмкүн эмес. Татыктуу жооп берет деген ойдобуз. КСДПнын таарынган тарабы өздөрү ачык айта албай, коркуп, алыстагы Абдылдаевдин оозун пайдаланып, оголе көп ич күптүлөрүн кое беришиптир. Булардан бийликти менчиктеп алууну каалагандардан башкача эмнени күтсө болот эле?!
Abal.kg



