Саясат
Атамбаевдин уулу Сеид атасынын катын интернетке чыгарып, шайлоого аттанаарын шардана кылды (фото)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев Фейсбук баракчасына атасынын темир тор артында жазган тил катын жарыялап:
“Урматтуу достор, Алмазбек Шаршеновичтин кайрылуусу! Парламенттик шайлоого чогуу даярданабыз!” деп жазды.
Эскерте кетсек, КСДП партиясы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары партиянын кеңешинин макулдугусуз ар кандай иш чараларды уюштуруп жатканына нааразы болушкан.
Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бул каты кечээ жазылган. Анда КСДП партиясынын жаңы шайланган төрагасы Анвар Артыковду куттуктаганы жана ага каалоо-тилек айтып, анын талапташтарынын Артыковду колдоого чакырганы жазылыптыр.

Abal.kg



