Жомоктогудай окуя: Америкалык 20 жаштагы Эйжа-Салтанат өз апасын таап сүйлөштү. Өтө бактылуу

Биздин маалымат порталы NUR.KZ маалымат агенттигинин билдирүүсүнө таянып, 20 жаштагы америкалык Эйжа (Салтанат) өз ата-энесин издеп атканын кечээ эле жазган элек (“20 жаштагы америкалык Салтанат чыныгы ата-энесин тапкысы келет”). Бүгүн жаңы кабар алынды. Кыз ата-энесин тапты, деп билдирди, 29-майда NUR.KZ.
Эскерте кетсек, кызды апасы жетим балдар үйүнө таштап кеткен. Ал 2000-жылы Семейде, март айында казактардын үй-бүлөөсүндө туулган. Төрөлгөндө ага Салтанат деп ат коюшкан. Жетим балдар үйүнө туш келгенден кийин аны АКШда жашаган үй-бүлөө багып алган. Алар ага Эйжа Бергер деген ысым беришкен. Тилекке каршы, ал өзүнүн казакстандык үй-бүлөөсү тууралуу эч нерсе билчү эмес. Бар болгону ата-энесинин гана аттарын билчү– Куат менен Куралай Ашкановдор.
Эйжа – Салтанат азыр Флоридада турат. Жакында эле колледжди бүтүргөн. Эки эже-сиңдилүү. Кыздын сөзүнө караганда багып алган ата-энеси анын каяктан экенин эч качан жашырышкан эмес. Алар кызы өз ата-тегин билиш керек деп эсептешет.
Ушул айдын орто ченинде Казакстан-америкалык ассоциациясынын Facebook баракчасына Эйжа-Салтанат өз ата-энесин издеген кайрылуусун жарыялаган.Эми ага интернет колдонуучулар жардам беришип, өз апасы Куралайды табышып, экөөнүн видеобайланышын уюуштурушту. «Биз аябай бактылуубуз! Рахмат баарыңарга, берген жардамыңар үчүн», — деп жазды кубанычы койнуна батпаган кыз, фейсбук баракчасында.
Abal.kg



