Пайдалуу кеңештер

Кайсы кесиптин ээлери баарынан тез алжышат? Окумуштуулардын тыянагы

Альцгеймер менен эрте “оорубаш” үчүн эмне кылыш керек? Муну жаш кезден ойлонуш керек: карылыктан алжыганды алдын алыш үчүн кесип тандагандан баштоо абзел. Бул тууралуу Miloserdie.ru жазып чыкты.

Мурда адамдын эске тутуусунун начарлашы карылык менен кошо келүүчү демейдегидей көрүнүш катары эсептелчү.Бүгүн окумуштуулар бул көрүнүшкө карата көз караштарын өзгөртүштү: бул абалды жашка байланыштырбастан, мээнин бузулушуна байланыштырышат. Бактыга жараша  бул карылардын баарына эле тийиштүү эмес. Ким баарынан көп тобокелге туш келет?

Тобокел тобуна киргендер

Өткөн кылымдын 80-жылдарынын  аягында Стокгольмдун геронтологиялык (карылык жөнүндө илим) изилдөө борборунун окумуштуулары  Kungsholmen долбоору деген ат менен 12 жылга созулган деменцияны (алжууну) масштабдуу иликтөө башташкан.

Иликтөөдөн чыккан тыянактардын бири:

Кара жумуш менен иштеген адамдар, мээ менен иштегендерге (интеллект) караганда карылыктын айынан алжууга жана Альцгеймер оорусуна көбүрөөк кабылышат.

Адегенде мунун себеби катары билим деңгээлин жана мээни дайыма машыгып турууга жөндөмдүүлүгүн эсептешкен. Алжууга өтө көп кабыла тургандар завод-фабриканын жумушчулары болуп чыккан.

ХХI кылымдын башында АКШнын эмгектин коопсуздугу Улуттук институтунун кызматкерлери   Альцгеймер менен Паркинсон оорусунан баарынан көп көз жума турган жети кесипти изилдеп чыгышкан. (Бул иликтөөнүн натыйжасы 2003-жылы  American Journal of Industrial Medicine илимий журналына жарыяланган).

Тез алжый турган тобокел тобундагыларга: фермерлер, чачтарачтар, авиамеханиктер, ширетүүчүлөр (сварщик), мугалимдер, клерктер жана банктын кассирлери кирген.

Бирок кийинки иликтөөлөргө караганда мугалим деменциядан сактай турган кесип болуп чыкты.Бул иликтөөнүн тыянагы Токиодо өткөн Альцгеймер Ассоциациясынын эл аралык конференциясында  айтылган.

Альцгеймер оорусу карылыктан эмес, мээнин клеткаларынын бузулушунан улам пайда болот. Албетте буга таасир бере турган сырткы зыяндуу факторлор жок эмес.  Бирок бул жерде маанилүү бир учур бар: татаал ой жүгүртүүгө байланышкан кызматтар алжууга алып келе турган зыяндуу сырткы факторлорду төмөндөтүүгө жөндөмдүү.

Суперкүч – интеллектуалдардын үлүшү

Альцгеймер дартын күчөтө тургандар: тамеки тартуу, ичимдик ичүү, аз кыймылдоо (гиподинамия), таттуу жана  майлуу диета кармоо  – бир сөз менен айтканда саламаттыкты буза турган жашоо образын баштан өткөрүү. Организимдин калган органдарына да булардын залалы чоң. Бирок, адамдын мээси ушул жаман адаттардын айынан келтирилген залалга да каршы тура алат экен.

Муну окумуштуулар «суперкүч» деп аташат. Бул механизм кантип иштээри азырынча белгисиз.

Божомолдордун бири төмөнкүчө: мээни ондогон жылдар боюу интенсивдүү иштетүүгө мажубурласаң анын клеткаларынын ортосунда байланыш чоңоет.

Алжууга нейрондордун ортосундагы өз ара байланыштын бузулушу —  аларды байланыштыра турган заттын жетишсиздги алып келет (экинчи себеби – мээнин клетакаларынын ичиндеги дегенеративдик процесстер). Иликтөө канадалык Baycrest Health Sciences (Торонто) клиникасында өткөрүлгөн. Үч жылдын аралыгында деменцияга тушукпаган,  иш жүзүндө ден соолугу чың 350 кишини көзмөлгө алышкан. Үч жыл өткөндөн кийин алардын көпчүлүгүндө когнитивдик процесстердин эффективдүүлүгү төмөндөгөнү байкалган. Айрыкча рационунда эт, картошка, кант жана ак нан орун алгандарда мээнин деградациясы тез жана күчтүү болгон.

Бирок, ошол эле этти көп жегендердин, таттууну жакшы көргөндөрдүн арасында да таптакыр алжыбагандар кездешкен. Алар өмүр боюу интеллектуалдык деңгээлди талап кылган иштерде иштешкен, же болбосо коомдук ишке активдүү катышышкан.

Илимий топту жетектеген доктор Мэтью Пэррот айтат:

«Жогорку билим, татаал иш жана баарлашуу —  мына ушул үч нерсе, мээге терс таасирин тийгизчү туура эмес диетага карабай, алжууну жеңе турган факторлор болуп саналышат.

Биз Альцгеймердин оорусуна каршы тура турган жолду таптык деп айта албайбыз. Бирок, тынымсыз интеллектуалдык эмгек менен пайдалуу, балансталган диетанын кошулушу  адамды алжуу процессинен алыстата турган көрүнүш болуп саналат».

Эскерте кетсек: материал кыскартуулар менен берилди.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button