Коом

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян үй-бүлөсүнө коронавирус жуктуруп алды

Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт башчы өзү түз эфир маалында айтканын  Кавполит маалымат агенттиги жазып чыкты.

«Резиденцияда иштей берем. Ал үчүн байланыш каражаттары жана башка мүмкүнчүлүктөр толугу менен бар”, — деди Пашинян.

Өзүнүн айтымында, премьер оорунун бир дагы белгисин байкаган эмес. Бирок иш сапарга даярданып жаткандыктан, анализ тапшырып көрүүнү чечкен.

“Жыйынтыгында вирус жуктуруп алганым аныкталды. Үй-бүлөм дагы вируска кабылыптыр, менден жукту окшойт”, — деди өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, Арманияда өзгөчө абал режими 16-марттан 13-июнга чейин жарыяланган. 31-майга карата бул өлкөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 9282ге жетти. COVID-19 илдетинен 131 киши көз жумду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button