Жанита Сулайманова: Москвада кайрадан жаан… көптөгөн мигранттар жумушсуз калды…

Кайрадан жаан. Бул жолу көп нерсени ойго салгандай… Мындан 6 ай мурда Москвага келгенимде да жаан жаап турган. Бирок ал кыш — декабрь айы эле. А бүгүн жай мезгилинин алгачкы күнү.
Жарым жыл тез эле өтүп кеткени менен, жүрөгүмдөгү Мекениме, жакындарыма болгон сагыныч ошол бойдон сакталып турат. Менимче, мындай сезимди чет жакта жүргөн мекендештер өзгөчө түшүнсө керек. Мекендеш демекчи, келгенден бери көптөгөн кыргызстандыктар менен таанышып, алардын кубаныч-муңуна, жетишкен ийгилигине, алдыга койгон максаттарына ортоктош болууга туура келди. Кубандырганы — бул жактагы кыргыздардын өзбек, тажиктерге караганда кылган иши да, жашоо-шарты да өйдөрөөк. Өзгөчө РФнын жарандыгын алган кыргыздын, айлыгы жогору жана таза иш табууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин байкадым.
Москва чоң мегополис — ар дайым кыймылда болуп турат. Эгер кыймыл токтосо, жашоо да токтоп калгансыйт. Андыктан бул жакка иштейм деп келген мигрант тынбай эмгектенүүгө мажбур. Бирок ошол эле учурда, кыялдарыңдын аткарылуусуна жетелеп, мүмкүнчүлүк берген, кучагы кең шаар десем да болчудай.
Мекендештерибиздин ар кимисинин жумушу ар башка болгон менен тилектери бир. Бул жактан бутуна туруп, Мекенге ийгилик менен кайтуу. Бирок бул жылы ошол аруу тилектердин аткарылышына күтпөгөн жерден пайда болгон вирус кедергисин тийгизди. Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып, канчалаган элдин планын бузду. Көптөгөн мигранттар жумушсуз калып, Мекенине кайтууга туура келди.
Москвада чектөө 14-июнга чейин деп айтылган. Ал эми Подмосковьеде 1-июндан тарта чектөөлөр алынганы менен, талаптар дагы эле бар. Сыртка чыкканда, дүкөнгө, дарыканага ж.б.у.с.жерлерге киргенде сөзсүз беткап жана кол кап кийиш керек. Ар бир жерде полиция кызматкери туруп, жашоочуларды көзөмөлдөшүүдө.
«Жакшы тилек жарым ырыс», дегендей адамдардын акырындан көчөгө чыгып жаткандыгы, жай турмуш кайрадан өз нугуна тушуп баратканынан кабар бергенсийт. Дүйнөдө тынчтык болуп, Элим Жерим аман болсунчу! А Москвада болсо… кайрадан жаан…

Abal.kg