Саясат

«Кант» авиабазасынын аймагы Россияга өтөт деген маалымат жалган. РФнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди

Акыркы күндөрдө айрым ЖМКлар «Кыргызстан Россияга «Кант» авиабазасынын аймагын учуучу тилкеге жасалчу ремонт үчүн берет экен» деген маалыматтарды жазып чыгышып, натыйжада коомчулукта ар кандай терс пикирлер жаралып кетти.

Бул боюнча Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилиги атайын билдирүү таратып, мындай фактыларды бурмалоо туура эмес экендигин белгилөө менен коомчулукта тарап жаткан маалыматтарды «эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилени бузууга болгон аракет» деп баалады.

Элчилик бул карандай калп экендигин, муну менен коомчулукка туура эмес маалымат берүүнү көздөп жатышкандыгын маалымдап, “Кыргызстан менен Россия 2019-жылдын мартында 2012-жылдын 20-сентябрында келишилген “Кыргызстан аймагында иштеп жаткан россиялык аскердик базанын статусу жана болуу шарты жөнүндө” макулдашуусуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү протоколуна кол койгон.

Ал документте “Эгерде Россия тарап Кант аэродромундагы учуу тилкесин өз эсебинен оңдосо ал тилкелерди жакшыртууга болгон менчик укугу Россия тарапта болот. Бирок, бул макулдашуу мөөнөтүнүн аякташы менен тилкелерди жакшыртуу укугу Кыргызстанга өтөт” деп жазылган. Андыктан эки өлкө ортосундагы салттуу достук жана тең укуктук мамилени бузууну көздөгөн маалыматтарды жайылтууга жол берилбеши керек” деп билдирди. 

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин билдиришинче, учуп-конуу тилкеси бирдиктүү колдонуучу объектилердин тизмесине кирген. Министрликтин маалыматына таянсак, тилкелерди жакшыртууга жеке менчик укугун бербей туруп оңдоо иштерине акча которуу мүмкүн болбогондуктан, ушундай норма киргизилген.

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында болуп өткөн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев  ушул маселени көтөрүп, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Нурсеит Кедеевге “Ошондо биздин жер башка мамлекеттин менчигине өтүп жатат да, туурабы?”,-деп суроо бергенде, Нурсеит Кедеев «Россия Федерациясына өтүп жатат», — деп жооп берген.

Ал эми депутаттын бул суроосуна  Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү «Жер башка мамлекетке өткөн жок. Ал ижарага гана берилди», — деген жоопту айткан болчу. Мындай так маалыматтын берилбей калышы ансыз дагы араң турган чайкоочу күчтөрдүн чырагына май тамызып, коомчулукка уу-дуу маалыматтарды таратып жиберишти.

Авиабазага байланыштуу “жер орустарга берилет экен” деген туура эмес маалыматтардын чыгышы Кыргызстандын Кант шаарындагы Россиянын авиабазасынын статусун өзгөртүү тууралуу протоколду ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору парламенттин тиешелүү комитетинин күн тартибинен үчүнчү жолу алынып салынышына да байланыштуу болду көрүнөт. Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 2-июнда каралат делгени менен кандайдыр бир себептер менен ал үчүнчү жолу талкуудан алынып калган.

Белгилей кетсек, долбоор 12-майда жана 19-майда да каралбай калган. Ал эми документ Жогорку Кеңештин кароосуна 2020-жылдын 18-февралында гана түшкөндүгү жана ошол себептен ал эми эртең, 4-июнда каралаары дагы коомчулукка айтылды.

Окурмандардын эсинде болсо керек, былтыр Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында Орусиянын бирдиктүү аскер базасы боюнча келишим жаңыртылып,  протоколго кол коюлган. Канттагы авиабаза боюнча 2012-жылдагы орус-кыргыз макулдашуусуна ылайык, РФ Канттагы аба базасы үчүн ижарага алынган жердин аянты 866,2 гектар деп эсептеген. Инвентаризациянын жыйынтыгында аянт 924,52 гектар болгон. Орус тарап мурда жердин ижара акысы үчүн жыл сайын 4 млн. 502 миң доллар төлөсө, протокол күчүнө киргенден кийин 4 млн. 794 миң доллар төлөй баштаары дагы ЖМКларда маалымдалган.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы дагы мындай коомчулукту дүрбөлөңгө салган маалымат туура эмес экенин белгилеп, Жер кодексине ылайык Кыргызстандын жерин Россияга берүү мүмкүн эмес экенин билдирди. Башкы штабдын маалыматы боюнча, эгер сөз болуп жаткан протокол ратификациядан өтсө, учуу-конуу тилкесинин жасалма төшөлмөлөрүнүн ордуна эки миллиарддан ашык рублга бетон аэродромдук плиталар жана асфальт басылып, толук оңдолот, плиталар болсо орус тараптын менчиги болуп саналат. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, депутат Исхак Пирматов да «Учуп-конуу тилкесиндеги оңдолгон объект протоколдо «Россиянын менчиги болуп эсептелет» деп жазылып турат. Бул 2012-жылдагы келишимде деле жазылган. Ал эми анын астындагы жер тилкеси боюнча эч кандай маселе жок. Келишимдин мөөнөтү 15 жыл деп каралган. Андан кийин салынган инфратүзүмдүн баары Кыргызстанга өтөт. Мында жердин үстүндөгү гана объект боюнча сөз болуп жатат. Ошондуктан депутаттардын талабы менен Юстиция министрлиги жана Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жер боюнча так маалымат берсин деген талап менен маселе күн тартибинен алынды» деп түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, макулдашууга 2012-жылы 20-сентябрда, ошондой эле аны өзгөртүү тууралуу протоколго 2019-жылы март айында кол коюлган. Эки өлкөнүн парламенттери ратификациялагандан кийин бул протокол күчүнө кирет.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button