Саясат

Экс-депутат Надира Нарматова: сырттан каржыланган айрым бейөкмөт уюмдардын айынан биздин мамлекетибиз талкаланып жатат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова 2-июнда «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.

«Бир катар бейөкмөт уюмдарда мамлекеттин кызыкчылыгы эмес, жеке кызыкчылыктары биринчи орунда  турат. Бул жерде эч кимдин укугу Конституциянын негизинде бузулуп жаткан жери жок. Тескерисинче, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын айынан биздин мамлекетибиз талкаланып жатат. Темирдей тартип орнотуу менен бул мыйзам долбоору кабыл алынса, ошондо мамлекетибиздин бүтүндүгүнө шек келбейт»,- дейт Надира Нарматова.

Эфирдин жүрүшүндө Надира Нарматова мыйзамдуу көзөмөл болбогону үчүн бир катар бейөкмөт уюмдар ич кийимин илип, аялды жылаңач бастырып, көчөгө чыгып алышканын белгилейт.

Ошондой эле ал 28 жылдан бери сырттан алып жаткан миллиарддаган долларлар кайда кетти деген суроону кабыргасынан койгон. «Алып келип жаткан каражаттары биздин элге пайдасы тийип жаткан болсо кана СПИДдин жоголгону, кана укуктардын корголгону, кана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун азайып кеткени? Тескерисинче батыштын тарбиясын бизге сиңирип, улуттук менталитетибиздеги баалуулуктарыбызды, нарк-насилибизди бузушту. Ошол үчүн биз Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн, кыргыз мамлекетинин улуттук баалуулуктарын сактап калуу үчүн күрөшүүбүз керек»,- деп баса белгиледи Надира Нарматова.

Экс-депутат бейөкмөт уюмдар кыргыз мамлекетине жардам бергиси келсе, социалдык жактан, экономикалык жактан колдоо көрсөтсүн деп, ага каршылык болбостугун айтып, бирок эмне үчүн булар биздин чыгып жаткан мыйзамдага, кодекстерге аралашат деген маселеге токтолгон. «Мамлекеттин бүтүндүгүн сактай турган Конституциялык мыйзамдарга биз – кыргыз мамлекети өрмөлөп калсак дагы бюждеттен каражат таап берүүбүз керек, ушуларды аралаштырбастан. Мына 5 кодексти жазганга 13 млн евро келиптир. Бешөө тең жараксыз. Күйбөгөн жерин күл болот да анан. 6-чакырылыштын депутаттары апта сайын өзгөртүү киргизип келе жатат. Түкүрүктөр, чимкириктер деген дагы ушул кодекстерди артынан чыкты. Булар атайылап кыргызды маскаралаш үчүн түкүрүктөргө айып төлөсүн деп кодекстерге киргизип койгон»,- деп белгелейт Надира Нарматова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button