Саясат
Жамил Шаршеналиев Конституциялык палатанын судьясы болуп шайланды
Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында Жамил Шаршеналиев Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланып, ант берди.
Анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинин 2-июндагы жыйынында жактырылган.
Жыйында Шаршеналиев 2015-жылы сот тандоо сынагына катышып, өтпөй калганын, Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында иштей турганын билдирген.
Abal.kg