Коом

COVID-19 тест-анализ тапшырган бала-бакчалардын кызматкерлери нааразы. Санитардык талап аткарылган жок (видео)

5-июндан тарта Кыргызстандагы бала-бакчалар ишке чыгышмак. Ошондон улам бала-бакчада иштеген кызматкерлердин бардыгы милдеттүү түрдө коронавируска тест-анализ тапшырышы керек.

Бүгүн Бишкек шаарындагы № 2 орто мектептин имаратында борбордогу бала-бакча кызматкерлери атайын тест тапшыруу үчүн чогулушкан. Ал жерде эч кандай санитардык талаптар аткарылган эмес. Кызматкерлер жөөлөшүп, түртүшүп  узун кезекке топтошуп турганын көрүүгө болот.

Бала-бакча кызматкерлери тест-анализ тапшырган мындай жерде коронавирус илдетин жугузуп албайт деп ким кепилдик берет, атайын ыңгайлуу шарт түзүп, график менен иш алып барышса болмок деп нааразычылыгын айтышты.

«Учурда аралыкты сактагыла, эл топтошкон жерлерге барбагыла, тазалыкты, гигиенаны, санитардык абалды катуу көзөмөлгө алып сактангыла деп дайыма айтышат. А бүгүн тест тапшырганы барсак толтура бакча кызматкерлери барышкан. Эл жыкжыйма. Кимде кандай оору бар экенин билбейбиз да. Кудай сактасын эгер бүгүн жугузуп алсак,ал 14 күндөн кийин билинет, ага чейин биз вирусту алып жүрүүчү болуп калабыз да, канча адамга жуктуруп алышыбыз ыктымал. Эмне үчүн атайын шарт каралган эмес» деп айтышты, өзүнүн атын атагысы келбеген бакча кызматкерлери.

Видеодо тест-анализ тапшырабыз деп кезекте турган тарбиячылардын жөөлөшүп турганын көрүүгө болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button