Без рубрикиМаданият
«Даңазалуу доордогу» Хюрремдин ролун «Боз торгойдогу» актриса ойномок

Мерьем Узерли ойногон бул роль аз эле жерден башка актрисага тийип кала жаздаган.
Актриса Фахрийе Эвджен Озчивит «Даңазалуу доордогу» аялдын башка ролун ойномок, бирок ага Мерьем Узерлини бекитишкен. RusTurkey билдиргендей продюсерлер менен кастинг-директорлор фильм тартылаардын алдында гана Хюрремдин ролуна Мерьем Узерлини дайындашкан.

Хюрремдин ролу Мерьем Узерлинин атагын дүйнөгө чыгарды. Фахрийе Эвджен Озчивиттин мансабы андан бир аз төмөнүрөөк. 2017-жылы ал «Даңазалуу доордун» жылдызы Бурак Озчивитке турмушка чыккан. Азыркы тапта бул актердон төрөгөн бир жаштагы наристесин тарбиялап жатат.
Abal.kg