Без рубрики

Британиялыктар кадимки чиркейлерди жок кыла турган жаңы чиркей ойлоп табышты

Алар адамга коркунуч туудурбайт.

Июндун башында британиялык Oxitec компаниясынын биотехнологдору журналисттерге өздөрүнүн жаңы иши  — модификацияланган чиркейлерди ойлоп тапкандары тууралуу айтып беришти. Бул жаңы чиркейлердин жардамы менен адамдын канын соргон кадимки чиркейлерге каршы күрөшүүгө болоорун билдиришти.

Кадимки чиркейлер көптөгөн коркунучтуу ооруларды алып жүрүүчүлөр болуп саналышат. Ал эми жаңы чиркейлер кадимки чиркейлерди азайтууга жардам беришет, деп жазды The Sun. Бул тууралуу Новости Mail.Ru билдирди.

Модификацияланган чиркейлер менен кадимки чиркейлерди жалгаштыруунун натыйжасында ортосунан жалаң эркектери пайда болот. Эркек чиркейлер, адамдын канын сорбойт, андыктан ооруну алып жүрүүчүлөр болуп саналышпайт.

Окумуштуулар мындай “акылдуу” чиркейлерди бүт дүйнөгө таратууну максат этишпейт. Эгер андай болсо,табигый экологиялык баланстын бузулушуна алып келип, бул өтө опурталдуу натыйжаларга кириптер кылышы ыктымал. Бирок, жер-жерлерде жаңыларынын эсебинен кадимки чиркейлердин санын азайтууга болот.

Биринчи эксперименттерди окумуштуулар 2020-жылдын жайында Американын Флорида жана Техас штаттарында өткөрүшөт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button