Коом
Самара Каримова төртүнчү перзентин күтүүдө

КР Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова төртүнчү перзентин күтүп жатканын Инстаграмдагы баракчасы аркылуу жар салды.
Ал гендер пати өткөргөндөгү видеосун жүктөдү. Ал жактан ырчы күтүп жаткан төртүнчү наристе кыз экенин билүүгө болот.
«Сүйүнчү, сүйүнчү. Биздин үй-бүлө төртүнчү наристебизди чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Эстелик болсун деп гендер пати өткөрүп алдык. Наристе күтүп жаткандар сиздерге да жуксун», — деп жазды ырчы.
Белгилей кетсек, Самара Каримова учурда үч баланын: бир кыз, эки уулдун энеси.



