
Мындай маалымат соцтармактарда тараган.
“Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулар жергиликтүү элден алынат. Жетим-Тоо — кени Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат. Андыктан, жалган маалыматтар менен элди козутуп, чагымчылык кылгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз”, — деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Жетим-Тоо өлкөдөгү кара жана түстүү металлдардын эң ири кени. Алдын ала маалымат боюнча анда 50 млрд долларлык чийки зат запасы бар.



