Коом
Коронавирус. 87 адамдан аныкталды, Бишкекте көп катталууда

Акыркы суткада коронавирустан айыгып, ооруканадан 22 бейтап чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1813. Ошол эле учурда 87 адам жуктуруп алганы аныкталды. Бишкек – 48, Чүй – 11, Ош шаары – 18, Ош облусу – 5, Жалал-Абад – 3, Ысык-Көл – 2.
Акыркы суткада жуктуруп алгандардын 23ү кайдан, кантип жуктуруп алганы белгисиз. Ошондуктан баардык санитардык эрежелерди сактап, этият болууга чакырат.
Abal.kg



