Коом
Замира Молдошева: Күйөөсүнөн кордук көргөн аял башка жашоону көргөн эмес…

Сузакта күйөөсүнөн кордук жеген аял тууралуу талкуу коомдо азыркыга чейин уланууда. Белгилүү дизайнер Замира Молдошева өзүнүн Инстаграмдагы баракчасына ал аялга жардам бергиси келип жатканын жазып чыкты:
«Бүгүнку жаңылык — бул Сузактагы болгон окуядан кийин аялы «доом жок» деген арызын жазыптыр. Биз эч кимибиздин акыбыз жок, ал айымды күнөөлөгөнгө, себеби башка жашоону көргөн эмес, себеби туугандары келип туш тараптан талап атып жаздырышты. Ооба баарыбыз эле боорубуз ооруп жатат, бирок эмнегедир эч кимибиз кол сунуп жардам кылгыбыз келбейт. Чо-о-оң сураныч мага кимиңер жардам бере аласынар ушул айымдын телефонун таап бергенге, мен аябай сүйлөшкүм келип жатат. Сураныч»-дейт ал.
Abal.kg



