Саясат

Премьер-министрликке Кубатбек Боронов сунушталды

Парламенттик коалиция: СДПК, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду премьердин кызматына сунушташууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депуттары билдиришти.

Мурда маалымдаганыбыздай, Кубатбек Боронов менен бир катар эле премьерлик кызматка вице-премьер-министр Эркинбек Асрандиев менен Өкмөттүн Ош областындагы ыйгарым укутуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев да каралып жаткан. Алынган маалыматтарга караганда парламенттик көпчүлүк коалияциясы Кубатбек Бороновдун кандидатурасына токтоду жана аны расмий сунуштоого даяр.

Кыязы жаңы премьерди кызматына бекитүү, парламеттин жалпы жыйынында, бейшемби — 18-июнда ишке ашырылат өңдүү.

Кубатбек Боронов 1964-жылы Өзгөн районунун Зергер айылында туулган. Адистиги боюнча инженер-куруучу. Андан тышкаары Эларалык каржы жана бизнес академиясынын юриспруденция боюнча адистигин да бүтүргөн.

Биринчи вице-премьерлик кызматка чейин Өзгөчө абалдар министри болуп кызмат өтөгөн.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button