Коом

Сокулукта сабалган эки жашар баланы чоң энеси багат

Сокулук районунда сабалган эки жашар баланы чоң энеси багат. Бул тууралуу “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, балага камкордукту ким алары тууралуу комиссиянын жыйыны болуп өттү.

“Комиссия эки тараптын тең ой-пикирлерин угуп, ата-энесинен укуктарын чектөө жана баланы чоң энеси Натальяга (атасынын апасы) убактылуу камкордукка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Сокулукта эки жашар бала сабалып ооруканага түшкөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button