УКМК: КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Бишкекте жолугушту

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 24-майда Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги 54-жыйыны болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө атайын кызматтардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров менен жолугушуп, алар ачык жана конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле,
атайын кызматтардын ролун күчөтүү, алардын ишин өркүндөтүү жана коркунуч күчөгөн шартта мамлекеттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү зарылдыгы кошумчаланды.
Коопсуздук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынында тараптар уюшкан кылмыштуулукка, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча сунуштарды жана демилгелерди, анын ичинде 2024-жылдын 22-мартында Россия Федерациясынын Краногорск шаарындагы “Крокус Сити Холлдо” болгон терактты иликтөөнүн жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле, жыйындын катышуучулары аймактык туруктуулук жана коопсуздукка байланыштуу актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Аны менен катар, катышуучулар көп тараптуу кызматташуу аянтчасынын коопсуздук жаатындагы суроо-талабын белгилешип, КМШ мейкиндигинде мындан ары да, тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.
Белгилей кетсек, коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин жыйынынын экинчи жарымы 2024-жылы Казакстанда өтөөрү күтүлүүдө.







