Окуялар

Милициянын кайгуул кызматкерлери сууга түшкөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү (ВИДЕО)

Азыркы учурда күн жылып, жай мезгилинин сууга түшүү сезону башталгандыктан, шаар тургундарынын жаш муундары шаардагы бассейиндерге, чоң каналдарга, шаар ичиндеги майда атайын жасалган көлмөлөргө түшүп жаткандыгы күн сайын  көбөйүүдө.

Ошого утурлай   Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери  Чоң Чүй каналына, “Комсомол”,  “ Пионер” сейилдөө жайларындагы тосмо сууларга түшүп жаткан жарандарга карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Түшүндүрүү учурунда  сууга түшкөн учурда коопсуздук эрежелерин так сактоо, суудагы атайын белгиленген чектен өтпөө жана өздүк гигиенаны сактоо, ошондой эле “Короновирус”  илдетин жуктуруп албоо максатында суудан чыккандан кийн сөссүз таза сууга чайкануу керектиги эскертилди.

Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button