Коом

Бишкек шаарындагы Ленин райондук салык кызматынын 14 кызматкеринен коронавирус аныкталды

Мамлекеттик Салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынан 14 кишиден коронавирус аныкталды.  Бул тууралуу Bars.Media сайты жазып чыкты.

Аталган  башкармалыктын өкүлү:

“Биздин райондук башкармалыктын бардык кызматкерлерин, тагыраагы 100 пайызын текшерүүдөн өткөрдүк. Тилекке каршы, 14 киши коронавируска кабылганы тесттин жыйынтыгы менен аныкталды. Алардын ооруканага жатчуларын ооруканага, обочолонуп үй карантинге алынчуларын үй карантинге жаткырдык. Мен өзүм да текшерүүдөн өттүм, жыйынтык таза деп чыкты.  60 жаштан жогоркулар жана ооругандар убактылуу үйдөн иштеп жатышат. Бирок, иш токтоп калбоосу үчүн колдон келишинче минималдуу иштегенге аракет кылып жаткан чагыбыз. Колдон келишинче байланышууну азайтканга аракет кылабыз.  Бир бөлүмдө 2ден киши иштеп турабыз. Ошондой эле азырынча  чогулуш уюштурбайбыз…”

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button