Камакка алынган эстрада ырчысы Айбек Карымов кандай кылмыш жасаган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (ЭКККМК) Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгынын (БККБ) төрт кызматкерин камакка алган. Бул тууралуу 24 kg маалымат агенттиги жазып чыкты.
ЭКККМК мындан бир аз мурдараак мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда кызмат абалынан кыянттык менен пайдаланышкан деп, аларга каршы кылмыш ишин козгогон.
Башкармалыктын мурдагы начальниги, бир орун басары жана азыркы учурда иштеп жаткан кызматкерлердин бирөө камакка алынды.Ошондой эле коммерциялык мекеменин жетекчилеринин бири катары белгилүү ырчы Айбек Карымов да камалды. Төртөө тең Бишкектин 1-тергөө изоляторнуна (СИЗО-1) киргизилди
«БККБнын жетекчи кызматындагылар муниципалдык менчик ресстринде турган лифттерди модерназациялоо боюнча 24 миллион сомго максатка ылайыксыз келишим түзүшкөн. Бирок, иш жүзүндө аткарыла турган иштин наркы андан алда канча арзан болуш керек эле. Көз карандысыз мекеменин эксперттеринин тыянагы боюнча, текшерилип чыккан лифттер, эгер мындан ары пайланууга берилсе, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн түз коркунуч алып келе тургандыгы аныкталган», — деп билдирген Каржы полициясы.



