Коом

Ноокенде эксковатордун айдоочусу жергиликтүү тургунду тебелеп кеткен

“Каргашалуу окуя март айынын аягында жол куруу учурунда болгон. Айдоочу экскаватордун артында турган 41 жаштагы аялды байкаган эмес”, — деди милиция.

13-апрелде экскаваторчу кармалган, бирок райондук сот аны үй камагына чыгарган.

Бул чечим маркумдун жакындарына жаккан эмес. Алар тергөөчүдөн түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан.

Милиция бийлик өкүлүнө кол салууну каттады. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button