Окуялар

Чүйдө бышып калган арпа талаасы өрттөндү

Чүй облусунда өрт кырсыгынан эгин талаасы жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Аламүдүн районунун Константиновка айылында 23-июнда кечке жуук башталган өрт арпа талаасын каптаган.

Натыйжада алты гектар чабыла элек арпа күйгөн. Өрттүн себебин адистер тактап жатышат. Соңку бир сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды, адам өмүрүнө залака тийген учур болгон жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button